> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бишкексүт» ишканасынын акциялары өткөн аптада 172%га кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2021/11/15/bishkeks-t-ishkanasynyn-akciyalary-tk-n-aptada-172-ga-kymbattady/
- Published: 2021-11-15T14:25:49.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Бишкексүт» ишканасынын акциялары өткөн аптада 172%га, тагыраак айтканда, 950 сомго кымбаттап, 550 сомдон 1500 сомго чыкты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) басма сөз кызматы билдирди.**

КФБнын маалыматы боюнча, Кант цемент заводунун акциялары 275 сомго (+65 сом), «Дастан» ТНКнын акциялары **100 сомго** (+55 сом) чейин көтөрүлдү.

«Манас» аэропортунун баалуу кагаздары 550-600 сомго чыгып, жуманын акырында бир акция **560 сомдон** (+10 сом) сатылды.

Натыйжада, өткөн аптада биржадагы сооданын **жалпы көлөмү 4.7 млн сомду** түздү. Бүтүмдөр корпоративдик баалуу кагаздар менен гана эсепке алынган. Басымдуу көпчүлүгүн, тагыраак айтканда, 84%ын баштапкы рыноктун корпоративдик облигациялары менен операциялары ээлеген.