> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Унаа» ишканасы дээрлик 500 млн сомго тендер жарыялады
- URL: https://im.kg/all/2021/11/15/unaa-ishkanasy-deerlik-500-mln-somgo-tender-zharyyalady/
- Published: 2021-11-15T15:02:10.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси кайрадан транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланкасын даярдоого тендер жарыялады.**

> Тендер 15-ноябрда Мамлекеттик сатып алуулар порталында [жарыяланган. ](http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=303063230)«Унаа» документтерди даярдоого **448 млн 800 миң сом** сарптаганы турат. 

Эскерте кетсек, ишкана тендерди экинчи жолу өткөргөнү турат. Биринчи тендер Temirov LIVE’дын журналисттеринин [иликтөөсүнөн ](https://www.youtube.com/watch?v=QBDIUmg0poE)кийин жокко чыгарылган. Анда журналисттер ошол учурда «Унааны» жетектеп турган Турусбек Түмөнбаевдин алдамчылыгы тууралуу айтып беришип, жыйынтыгында, аны ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов [жумуштан алган](http://localhost/info-portal/novosti/2021/09/13/blanki-na-518-mln-somov-uvolen-direktor-gosuchrezhdeniya-unaa/) болчу.