> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 13 ай катары менен болгон өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөөсү акыры токтоду
- URL: https://im.kg/all/2021/11/16/13-aj-katary-menen-bolgon-n-r-zhaj-nd-r-sh-n-n-t-m-nd-s-akyry-toktodu/
- Published: 2021-11-16T16:43:21.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**13 ай катары менен ылдыйлаган өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү токтоду. Январь-октябрь айларында өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 0.2%га өстү, тагыраак айтканда 274.8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

> «Кумтөр» боюнча маалыматтарды эске албаганда, ушул жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 153 млрд сомду (+ 18.2%) түздү. Алсак, республикада өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын **жалпы көлөмүнүн 44%ы «Кумтөрдүн» үлүшүнө** туура келген.

Өнөр жай өндүрүшүнүн бир аз болсо да өсүшү тазаланган мунай продуктуларын (+ 54.5%), резина жана пластмасса буюмдарын, минералдык продуктуларды (+ 49.5%), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердүүлүк (+ 29.9%), пайдалуу кендерди казып алуу (+ 18.9%), ошондой эле тамак-аш азыктарын (анын ичинде ичимдиктерди) жана тамеки буюмдарын (+ 14%) өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү менен шартталган. 

Ошол эле учурда машиналарды жана жабдууларды (– 14.6%) кошпогондо, фармацевтика продукциясын (– 39.6%), химиялык продукцияны (– 39.3%), негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүшүнүн кыскарганы, ошондой эле текстиль, кийим-кече жана булгаары буюмдарын өндүрүү төмөндөгөнү (– 5,7%) байкалган. 

> Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү **өткөн жылы төмөнкү базада** болгонун белгилей кетүү керек. Эске салсак, 2020-жылдын январь-октябрь айларында **өнөр жай өндүрүшү 3.6%га кыскарып**, болгону 265 млрд сомду түзгөн болчу.