> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бизнес-акыйкатчы президентке коррупцияга каршы күрөшүүгө жоопкерчилик алганына ыраазычылыгын билдирди
- URL: https://im.kg/all/2021/11/16/biznes-akyjkatchy-prezidentke-korrupciyaga-karshy-k-r-sh-g-zhoopkerchilik-alganyna-yraazychylygyn-bildirdi/
- Published: 2021-11-16T10:45:35.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:20:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит президентке коррупцияга каршы күрөшүүдө жоопкерчилик алганына ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-ноябрда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи [отурумунда](https://www.facebook.com/azattyk/videos/429749932056326) айтты.**

Бизнес-акыйкатчы коррупция өнүккөн өлкөлөрдүн баарында бар экендигин айтып, өлкөдөгү коррупция кубулушуна бөгөт салууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

> «Моделдөө жогорку жактан башталыш керек, коррупция менен күрөшүүгө жоопкерчилик алганынызга кубанычтамын. Ошондой эле бул көрүнүшкө каршы күрөшүүгө жардам берүүгө даярбыз», – деди ал.

Иш-чарага Кеңештин мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөш мүчөлөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр, бизнес ассоциациясынын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышууда.