> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууга ниеттенген компанияларга күбөлүктөр берилди
- URL: https://im.kg/all/2021/11/16/chakan-gesterdi-k-n-zhana-shamal-elektr-stanciyalaryn-kuruuga-niettengen-kompaniyalarga-k-b-l-kt-r-berildi/
- Published: 2021-11-16T10:16:48.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:00:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууга ниеттенген компанияларга күбөлүктөр берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.**

Энергетика министрлигинде энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча объекттерди (чакан ГЭСтер, күн жана шамал электр станциялары) курууга ниеттенген компанияларга күбөлүктөрдү тапшыруу иш-чарасы өттү. **Күбөлүктөр 20 компанияга берилди.** План боюнча, бул компаниялар жалпысынан 639.5 МВт кубаттуулук бере турган станцияларды курат.

Белгилей кетсек, күбөлүк алган ишканалар ЭКБ (энергиянын кайра жаралуучу булактары) субъекттеринин мамлекеттик реестрине киргизилет. 

- ЭКБ субъекттеринин реестри – бул бардык энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъектилерин мамлекеттик каттоого алган бирдиктүү система. Күбөлүк алган компаниялар ЭКБ аркылуу электр энергиясын өндүрүп, аны сатууга, жеткирүүгө укуктуу.

Ошондой эле иш-чарада Доскул Бекмурзаев Энергетика министрлиги өз күчү менен бир нече кичи ГЭСти курууга белсенгенин билдирди.

> «Бала-Саруу ГЭСин куруу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планыбыз бар. Суу сактагычтардын плотинасына курулган ГЭСтер ирригацияга терс таасирин тийгизбейт», – деди ал.