> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын бюджети 9 айда 3.7 млрд сомдук профицит менен аткарылды
- URL: https://im.kg/all/2021/11/16/krnyn-bjudzheti-9-ajda-3-7-mlrd-somgo-proficit-menen-atkaryldy/
- Published: 2021-11-16T09:38:50.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Тогуз айда мамлекеттик бюджет 3.7 млрд сомдук профицит менен аткарылды. Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында тескерисинче, 15.6 млрд сомго тартыштык болгон. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.**

> Мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү **145 млрд сомдон** ашкан, бул 2020-жылдын тогуз айына салыштырмалуу 43 млрд сомго көп. Салык кирешелери былтыркыга салыштырмалуу 107 млрд сомду (+ 34 млрд сом), ал эми салыктык эмес кирешелер 32 млрд сомду (+ 10 млрд сом) түздү.

Жалпы **чыгымдар** болсо 23 млрд сомго көбөйүп, **142 млрд сомду** түздү.

##### Жыл башынан бери мамлекеттик бюджеттин негизги каражаттары төмөнкү багыттарга жумшалган:

- эмгек акы – 52 млрд сом же жалпы чыгашалардын 36%
- социалдык жөлөкпулдарды төлөө – 26 млрд сом же 18%
- финансылык эмес активдерди сатып алуу – 25 млрд сом же 17%
- товарларды жана кызматтарды сатып алуу жана пайдалануу – 16 млрд сом же 11%
- гранттар – 11 млрд сом же 8%
- пайыздарды төлөө – 7 млрд сом же 5%
- субсидияларды берүү – 4 млрд сом же 3%

Жыл башынан бери эмгек акыга былтыркыга салыштырмалуу 7 млрд сом, субсидияларды берүүгө — 1.7 млрд сом, социалдык жөлөкпулдарды төлөөгө — 1.5 млрд сом, дары-дармек сатып алууга жана медициналык буюмдар, ошондой эле гранттарга — 1.4 млрд сом, пайыздарды төлөөгө — 1.3 млрд сом көп жумшалган.