> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Кыргызстанда түшүм кандай болду? – сандар сүйлөйт
- URL: https://im.kg/all/2021/11/17/byjyl-kyrgyzstanda-t-sh-m-kandaj-boldu-sandar-s-jl-jt/
- Published: 2021-11-17T15:44:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйыл дан эгини былтыркыга салыштырмалуу 34%га аз жыйналды. Бул тууралуу Улустаткомдун маалымат кызматы билдирди.**

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына карата берилген маалымат боюнча, дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) **533 миң гектар аянттан** жыйналып алынган.

> Бир млн тоннадан ашык эгин жыйналып, былтыркыга салыштырмалуу 34%га аз бастырылды.

Аба ырайынын кургакчыл болгондугуна байланыштуу түшүмдүүлүк төмөндөп, **бир гектардан орто эсеп менен 11.3 центнерден гана** алынды. Дүң жыйым **21 700 тоннаны** түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 200 тоннага аздык кылат.

Ал эми аномалдуу ысык температурадан тышкары, сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүн шарттаган. Мында, жалпы республика боюнча буудайдын дүң жыйымы – 42.1%га, арпанын – 48.7%га, бакча өсүмдүктөрү – 14.6%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 6.5%га, картошка – 5%га жана жашылчанын түшүмү – 1.6%га кыскарды.