> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Донорлор менен 80 млн доллардан ашык кредиттик келишимдер ратификацияланды
- URL: https://im.kg/all/2021/11/17/donorlor-menen-80-mln-dollardan-ashyk-kredittik-kelishimder-ratifikaciyalandy/
- Published: 2021-11-17T11:16:26.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров, 16-августта донорлор менен 80 млн доллардан ашык келишимдерди ратификациялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.**

#### Азия өнүктүрүү банкы

Ратификацияланган келишимге ылайык, Азия өнүктүрүү банкы финансы каражаттарын республикалык бюджетке колдоо үчүн 80 млн АКШ доллар өлчөмүндө берет. Анын ичинде: **10.7 млн — грант** жана **69.3 млн — кредит** 24 жылга сегиз жылдык жеңилдетилген мезгилге **1% үстөк пайыз менен**, негизги мезгилде **1.5%** үстөк пайыз менен берилет.

#### Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы

2021-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган «Кербен шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча ЕБРР менен кредиттик кошумча макулдашуу ратификацияланды.

Долбоордун максаты – Ноокат шаарында, ошондой эле жакын жайгашкан Фрунзе, Чапаев, Нойгут жана Арал айылдарында **ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоодо жана модернизациялоодо** жардам көрсөтүү болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл.