> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда инфляциянын деңгээли эң жогору болууда
- URL: https://im.kg/all/2021/11/17/eaeb-lk-l-r-n-n-ichinen-kyrgyzstanda-inflyaciyanyn-de-geeli-e-zhogoru-boluuda/
- Published: 2021-11-17T10:03:07.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Октябрда сентябрь айына салыштырмалуу ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталганына карабастан, алардын ичинен инфляциянын эң жогорку деңгээли Кыргызстанда белгиленди.**

Кыргызстанда бул көрсөткүч 2.3%, Казакстан менен Беларуста – 0.6%, Арменияда – 0.5%, Россияда – 0.4%ды түзөт.

> Өткөн жылдын декабрына карата октябрь айында инфляциянын деңгээли боюнча Кыргызстан 1.3% менен алдыда келе жатат.

Ошол эле учурда экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли 8.5% менен Беларуста белгиленген. Бул азык-түлүк товарларына (9.3%), азык-түлүк эмес товарларга (9.1%) жана кызмат көрсөтүүлөргө ( 6.3%) карата байкалган.