> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми эки коммерциялык банк кардарларын «Түндүк» системасы аркылуу тейлей алат
- URL: https://im.kg/all/2021/11/17/emi-eki-kommerciyalyk-bankt-kardarlaryn-tunduk-sistemasy-arkyluu-tejlej-alat/
- Published: 2021-11-17T16:21:16.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Бай-Түшүм» жана «Халык Банк Кыргызстан» кардардын макулдугу менен тигил же бул банктык кызматты көрсөтүү үчүн керектүү маалыматтарды жана сертификаттарды «Түндүк» системасы аркылуу** **аралыктан сурай алышат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Мисалы, тез арада кредит алуу үчүн, кардар ар кандай мамлекеттик органдарга барып убара болбой эле, банктын кеңсесинен эле маалымкаттарды, документтерди чогултуп, жумушун бүтүрө алат. 

> Айрым акы төлөнүүчү суроо-талаптарды кошпогондо, **кызмат акысыз**. Берилген маалыматка караганда, керектүү маалымкаттарды жана документтерди мамлекеттик жана муниципалдык органдардан түздөн-түз банктын кеңсесинен алуу мүмкүнчүлүгү банктык жана финансы-кредиттик уюмдарды «Түндүк» порталына кошуу аркылуу ишке ашырылат.