> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылдын III кварталында республикадагы депозиттердин жалпы көлөмү 215 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/all/2021/11/18/2021-zhyldyn-iii-kvartalynda-respublikadagy-depozitterdin-zhalpy-k-l-m-215-mlrd-somdu-t-zd/
- Published: 2021-11-18T11:01:48.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:07:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча республикадагы депозиттердин жалпы көлөмү 215 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Эркебей Мурзабеков «Биринчи радиого» берген маегинде айтты.**

Анын айтымында, 2020-жылдын аягындагы жалпы депозиттердин көлөмү 184 млрд сомду түзгөн. Ал эми 2021-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча 215 млрд сомдон ашты.

> «2015-жылдан тарта ортоломо 15-20%дын деңгээлинде өсүү берип жаткан болсо, 9 айдын жыйынтыгы боюнча 17%га жеттик. Алдыдагы дагы 3 айды кошо турган болсок, буга чейин өсүп келе жаткан тенденция уланат деген ишеничтебиз. Бул биринчиден, элдин турмуш-деңгээли бир аз да болсо жогорулап жатат дегенди билдирет, экинчи жагынан болсо, калк топтогон каражаттарын банк системасына ишенип тапшырып жатканынан жана финансылык сабаттуулугунун жогорулап жатканынан кабар берет», – деди ал.