> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку Сот да эми президенттин кол алдында – соттор эми президент тарабынан дайындалат
- URL: https://im.kg/all/2021/11/18/zhogorku-sot-da-emi-prezidenttin-kol-aldynda-sottordun-baaryn-emi-prezident-dajyndajt/
- Published: 2021-11-18T10:02:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:51:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку соттун төрагасы Соттор кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынын макулдугу менен ЖКнын судьяларынын ичинен 5 жылдык мөөнөткө президент тарабынан дайындалат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.** 

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамына кол койду. Мыйзам ЖК тарабынан 2021-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган.

> Кабыл алынган мыйзамда, **Жогорку соттун судьялары** Соттор кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынын макулдугу менен **5 жылдык мөөнөткө президент тарабынан дайындалат**. Жогорку соттун төрагасынын **орун басарлары** да Жогорку соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча **президент тарабынан** 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

Ошондой эле, кабыл алынган мыйзамга ылайык, **жергиликтүү соттордун судьялары** Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө, андан кийинкисинде курагынын чегине жеткенге чейин дайындалат.

Эскерте кетсек, мэр жана акимдерди да президент дайындайт. Анткени президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» [мыйзамга кол койгон. ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/21/emi-mer-zhana-akimderdi-prezident-dajyndajt/)