> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дыйкандар өсүмдүк майын өндүрүү үчүн чийки затты КНСтен бошотууну сунушташты
- URL: https://im.kg/all/2021/11/19/dyjkandar-s-md-k-majyn-nd-r-ch-n-chijki-zatty-knsten-boshotuunu-sunushtashty/
- Published: 2021-11-19T12:42:23.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы өсүмдүк майын өндүрүү үчүн чийки затты 10 жылдан кем эмес убакытка кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотууну сунуштады. Аталган уюм бул демилгени Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин биринчи жыйынында көтөргөн.**

Ассоциация Кыргызстан өзүн өсүмдүк майы менен 25%га гана камсыздай ала турганын белгиледи. Кырдаалды жакшыртуу үчүн Министрлер Кабинети өсүмдүк майынын импорттоодо нөлдүк КНС ставкаларын белгилеген. Ошол эле учурда өсүмдүк майын өндүрүү үчүн сырьену импорттоо КНСтен бошотулбайт.

Уюмдун айтымында, мындай колдоо өлкөнүн экономикасына мультипликативдик таасирин тийгизет.