> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда автобустарды жана электробустарды чогултчу завод ачылат
- URL: https://im.kg/all/2021/11/19/kyrgyzstanda-avtobustardy-zhana-elektrobustardy-chogultchu-zavod-achylat/
- Published: 2021-11-19T09:51:07.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда автобустарды жана электробустарды жыйноочу завод ачылат, ошондой эле «Камаз» ААКсы үчүн тетиктерди (жылуулук алмаштыргычтар) чыгарат.**

Министр Данияр Амангелдиев Татарстандын премьер-министринин орун басары, өнөр жай жана соода министри Альберт Каримов менен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Кыргызстандын «Автомаш-Радиатор» жана «Шыдыр жол» ишканаларынын жана ошондой эле Татарстандын «Камаз», «НТЗ ТЭМ-ПО», «Натуралдык ден-соолук», «ГармониСтрой», «ЭлАЗ» ишканаларынын өкүлдөрү катышты.