> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Микрокредит алуу үчүн кайрылган кыргызстандыктардын саны 10%га азайды
- URL: https://im.kg/all/2021/11/19/mikrokredit-aluu-ch-n-kajrylgan-kyrgyzstandyktardyn-sany-10-ga-azajdy/
- Published: 2021-11-19T10:35:03.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Микрокредит алууга кайрылган кыргызстандыктардын саны 10%га, тагыраак айтканда, өткөн жылдын январь-сентябрь айларындагы 545 миңден 2021-жылдын январь-сентябрында 490 миңге чейин азайды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

> Тогуз айда микрокредиттик уюмдар **27.4 млрд сомго** насыя беришти, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17%га көп.

Кыргызстандыктар микрокредиттерди керектөө муктаждыктарына (36%), айыл чарбасын өнүктүрүүгө (30%), соода жана коомдук тамактанууга (10%) жана курулушка (9%) алышкан.

Кредиттердин жалпы суммасынын басымдуу көпчүлүгү Ош облусунда (22%ы), Бишкек шаарында (18%), ошондой эле Чүй жана Жалал-Абад облустарында (ар бири 14%) берилген.

> Мында микрокредиттерди төлөөнүн деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2%га төмөндөп, 91%ды түздү.