> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Дели – Бишкек чартердик аба каттамы ачылды, аны «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы ишке ашырууда
- URL: https://im.kg/all/2021/11/22/bishkek-deli-bishkek-aba-kattamy-zhandandy/
- Published: 2021-11-22T12:27:56.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:22:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ата мекендик жаңы «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Бишкек – Дели – Бишкек маршруту боюнча алгачкы каттамы учуп келди. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.**

«Аэро Номад Эйрлайнс» жаңы ата мекендик авиакомпаниясынын Бишкек – Дели – Бишкек маршруту боюнча алгачкы каттамы учуп келди. Чартердик каттам 2021-жылдын 19-ноябрында Airbus А320 аба учагы менен ишке ашырылды.

> Авиакомпания Бишкек – Дели – Бишкек маршруту боюнча каттамдарды ар жума сайын ишке ашырууну пландоодо.

Белгилей кетсек, тийиштүү иштердин жыйынтыгында 2021-жылдын 5-ноябрында «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКсы КРнын Жарандык авиация департаментинен эксплуатантынын сертификатына (АОС) №57 ээ болгон.

«Эл аралык жарандык авиация уюму жөнүндө» 1944-жылдагы Чикаго Конвенциясынын №6 тиркемесинин жоболоруна ылайык, «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Кыргыз Республикасынан/Кыргыз Республикасына туруктуу жана чартердик каттамдар менен жүргүнчүлөрдү ташууга укуктуу.