> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Центерра» Кумтөрдү басып алуу боюнча кыргыз бийлигин жоопко тартууга аракет кылат
- URL: https://im.kg/all/2021/11/22/centerra-kumt-rd-basyp-aluu-bojuncha-kyrgyz-bijligin-zhoopko-tartuuga-araket-kylat/
- Published: 2021-11-22T10:04:21.000Z
- Updated: 2023-05-30T07:12:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. (Кыргызстандын үлүшү 26.4%) «Кумтөр» кенин басып алуу боюнча кыргыз өкмөтүн жоопкерчиликке тартууга аракет кылат.**

Centerra Gold Inc. компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун «Кумтөр» кенине байланыштуу [айткандары боюнча](http://localhost/info-portal/novosti/2021/11/20/akylbek-zhaparov-sreagiroval-na-zayavlenie-centerra-o-potere-kumtora/) билдирүү таратты. Анда компания кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүнү уланта берери жазылган.

> «Биз буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, «Кумтөр» мындан ары да толугу менен **Centerra Gold Inc. компаниясына таандык туунду компания** болуп саналат жана биз «Кумтөр» кенин мыйзамсыз басып алгандыгы үчүн **Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу** боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди жасоону улантабыз. Биздин билдирүүбүздө жаңы эч нерсе жок. Болгону 2021-жылдын 10-августунда кендеги биздин балансыбыздагы бизнес-операциянын токтогондугун билдирген кулактандырууну гана чагылдырат», – деп айтылат маалыматта.

Economist.kg маалымдагандай, 19-ноябрда Centerra Gold компаниясы Кыргызстан тарабынан жасалган бир катар аракеттердин натыйжасында, «Кумтөр» кенин басып алууга жана жоготууга алып келген[ олуттуу өзгөрүүлөр тууралуу](http://localhost/info-portal/novosti/2021/11/20/centerra-gold-obyavila-o-potere-kumtora-i-priznala-ubytok-ot-etogo-v-926-mln/) маалымат бергенин жарыялаган болчу. 

> «Центерра Голд» кенди жоготуудан 926.4 млн доллар зыян тартканын билдирген.

Ал эми КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинин тегерегиндеги соңку абал боюнча 20-ноябрда билдирүү тараткан эле.

> «Мындан бир нече саат мурда, Канада убактысы боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталгандан кийин Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – «Кумтөр» кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 млн. долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду», – деген болчу ал.