> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын каржы мекемелери 46 млрд сом киреше тапты
- URL: https://im.kg/all/2021/11/22/kyrgyzstandyn-karzhy-mekemeleri-46-mlrd-som-kireshe-tapty/
- Published: 2021-11-22T12:46:19.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Каржы сектору тогуз айда 46 млрд сом киреше алды, бул өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 11%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.**

> Кирешенин өсүшүнүн олуттуу бөлүгү банк секторуна (62%), микрокредиттик уюмдарга (17%), ломбарддарга (14%) тиешелүү. 

Финансы секторундагы уюмдардын чыгашалары бул мезгилде 7%га өсүп, 31 млрд сомду түздү.

Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча финансы уюмдары **15 млрд сом таза киреше** алышкан, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 23%га көп. **Пайданын 77%га өсүшү Улуттук банктын кирешесинин өсүүсүнүн** эсебинен болгон.

Январь-сентябрь айларында финансылык сектордогу рентабелдүү уюмдардын үлүшү алардын жалпы санынын 65%ын түзгөн, ал эми уюмдардын 17%тен ашыгы чыгашага учураган.