> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# РСК Банк уставдык капиталын 885 млн сомго көбөйттү
- URL: https://im.kg/all/2021/11/22/rsk-bank-ustavdyk-kapitalyn-885-mln-somgo-k-b-jtt/
- Published: 2021-11-22T16:59:25.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«РСК Банк» ААК акцияларды жайгаштыруу аркылуу өзүнүн уставдык капиталын 885 млн сомго көбөйттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.**

Белгилей кетсек, каржы мекемесинин уставдык капиталын көбөйтүү чечимин анын жалгыз акционери болгон Мамлекеттик мүлк фонду 28-октябрда кабыл алган.

«РСК Банк» үчүн бул жөнөкөй акциялардын 20-чыгарылышы болду. КФБнын маалыматына таянсак, бул акыркы аптада сооданын жалпы көлөмүнүн 99%ын түзгөн эң чоң жайгаштыруу бүтүмү болуп калды.