Бала-Саруу ГЭСинин курулушунун документациясын иштеп чыгууга 106 млн сом жумшалат

Бала-Саруу ГЭСинин курулушунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга 106 миллион сом жумшалат.

«Чакан ГЭС» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда тиешелүү кызматтарды сатып алуу боюнча ири келишимди бекитүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) басма сөз кызматы билдирди.

Келечекте келишим мамлекеттик сатып алуулар боюнча расмий порталында жайгаштырылат.

Эске сала кетсек, Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна капсула август айынын аягында салынган. Объекттин жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт, орточо жылдык электр энергиясы 92 млн кВт саатты түзөт.

Керектүү каржылоонун көлөмү, иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздеме боюнча 22.9 млн долларды түзөт.Учурда Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) менен каржылоо боюнча маселе чечилүүдө.

Долбоорду «Улуттук энергохолдинг» менен «Чакан ГЭС» ишке ашырат. Иштелип чыккан жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрында бүтүшү керек.