> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Carcheck кызматы акылуу болушу мүмкүн –  бир сурам 10 сом болот
- URL: https://im.kg/all/2021/11/23/carcheck-kyzmaty-akyluu-bolushu-m-mk-n-bir-suram-10-som-bolot/
- Published: 2021-11-23T16:08:16.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Carcheck кызматы акылуу болушу мүмкүн. Электрондук форматта маалыматты суроо кызматынын баасы болжол менен 10 сомду түзөт деп болжолдонууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун санариптик өнүктүрүү министрлиги министрлер кабинетинин сайтына жарыялады**.

 Унаа каражаттары тууралуу маалыматты электрондук форматта [portal.tunduk.kg](https://portal.tunduk.kg/) мамлекеттик кызматтар порталы жана **Carcheck** сервиси аркылуу онлайн режиминде алууга болот. Маалымат «суроо-жооп» режиминде заматта берилээрин департаменттен билдиришти.

> Жогорудагы күбөлүктөрдү кагаз түрүндө берүү баасы учурда 120 сомду түзөт.

**Аталган система төмөнкү маалыматтарды берет:**

- Арызда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын мамлекеттик номери
- унаанын маркасы
- унаанын модели
- унаанын түсү
- унаанын жылы
- унаа кыймылдаткычынын көлөмү
- автотранспорттун рулунун жайгашкан жери
- камакка алынган/күрөөгө коюлган транспорт каражаты жөнүндө маалымат (камакка алынгандардын/күрөөлөрдүн болушу жана саны)
- транспорт каражатына тиешелүү айыптар жөнүндө маалымат (туумдардын болушу жана саны)
- белгилүү бир мезгил ичинде транспорт каражатынын ээсинин тарыхы (ээлеринин саны).