> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргыз Петролеум Компаниге» Камчыбек Ташиевдин кандай тиешеси бар? – Иликтөө
- URL: https://im.kg/all/2021/11/23/kyrgyz-petroleum-kompani-kamchybek-tashievge-taandykpy-ilikt/
- Published: 2021-11-23T14:56:03.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМКнын (УКМК) жетекчиси** **Камчыбек Ташиевдин тууганы, тагыраак айтканда, 31 жаштагы жээни КРгы нефтини кайра иштетүүчү ири заводго жетекчи болуп дайындалган. Бул тууралуу ютубдагы Temirov LIVE каналынын кезектеги [иликтөөсүндө](https://www.youtube.com/watch?v=fCL1TN5f2IQ) айтылат.**

> Журналист Тыныстан Асыпбековдун айтымында, 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин жалгыз акционери «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасы болгон «Кыргыз Петролеум Компанинин» жетекчиси Нурлан Максүтов жумуштан алынып, анын ордуна **Байгазы Матисаков** келген. Иликтөөдөгү материалдар көрсөткөндөй, **ал Ташиевдин бир тууган эжеси Каныгүл Ташиеванын уулу** болуп чыккан. 

Ошондой эле журналист «Кыргыз Петролеум Компанинин» заводдорунун бири Жалал-Абад облусунда **Ташиевдердин үй-бүлөсүнө таандык** дагы бир завод – «Томас» ишканасынан алыс эмес жерде жайгашканын айтат. Тагыраак айтканда, **«Томас» май куюучу жайлар тармагы да** Ташиевдерге таандык. 

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Матисаковго «Бай Компани» жана «Бай-Таш» компаниялары катталганы аныкталган. Биринчи компания, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, чийки мунай өндүрүү менен алектенет. Изилденген маалыматтарга ылайык, Жалал-Абад облусундагы эки нефтини кайра иштетүүчү завод Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн карамагында экени белгилүү болгон.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/matisakov1-478x1024.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/matisakov1.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/Matisakov2-478x1024.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/Matisakov2.jpg)

Мындан тышкары, иликтөөдө УКМКнын башчысынын туугандары 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин негизги кызматтарды ээлеп келгенин да билдирет:

- Жалал-Абад облусунун губернатору – Ташиевдин өкүл уулу – Абсаттар Сыргабаев
- «Кыргызалтындын» директорлор кеңешинин мүчөсү – Ташиевдин күйөө баласы Тагайбек Казакбаев
- Өзгөн районунун прокурору – Ташиевдин жээни – Нургазы Матисаков
- «Кыргыз Петролеум Компанинин» президенти Ташиевдин жээни – Байгазы Матисаков.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/Tashiev-rodstvenniki.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/Tashiev-rodstvenniki.png)