> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода жүгүртүү 38%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2021/11/23/kyrgyzstan-menen-orusiyanyn-ortosundagy-sooda-zh-g-rt-38-ga-st/
- Published: 2021-11-23T10:02:23.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү январь-сентябрь айларында 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 38%га өсүп, 1.7 млрд доллардан ашык сумманы түздү.**

Бул тууралуу РФнын премьер-министри Михаил Мишустин КРнын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен болгон жолугушууда билдиргенин РФ өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Мишустиндин айтымында, Орусия Кыргызстандын негизги экономикалык өнөктөшү болуп саналат.

> «Кыргызстанда энергетика, тоо-кен жана телекоммуникация тармагында россиялык ири компаниялар иштейт. Өнөр жай, айыл чарба машина куруу, автомобиль, радиоэлектрондук өнөр жай тармагынын келечеги чоң», – деп кошумчалады ал.