> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Carcheck кызматы бекер болот – бирок жаңы функцияларга акы төлөнөт
- URL: https://im.kg/all/2021/11/24/carcheck-kyzmaty-beker-bolot-birok-zha-y-funkciyalarga-aky-t-l-n-t/
- Published: 2021-11-24T10:09:04.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Учурдагы Carcheck транспорт каражаты жана айып пулдун бар экендиги жөнүндө негизги маалыматты берүү кызматы бекер болот. Акы төлөнүүчү өзгөртүүлөр кошумча опциялар үчүн гана каралат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.** 

Төлөм кызмат көрсөтүүгө болгон суроо-талаптын жогорулашын эске алуу менен кызматты өнүктүрүү, колдоо, бузулууларды өз убагында алдын алуу зарылчылыгына байланыштуу киргизилүүдө.

**10 сомго автотранспорт боюнча төмөнкү маалыматтарды кошумча киргизүү сунушталат:**

- камакка алынган/күрөөгө коюлган транспорт каражаты жөнүндө маалыматтар (камактардын/күрөөлөрдүн болушу жана саны), эгерде бар болсо
- белгилүү бир убакыт аралыгындагы транспорт каражатынын ээси/ээлери жөнүндө тарых (ээлердин саны)
- одометрде транспорт каражаты басып өткөн жолду (пробег) көрсөтүүчү маалымат
- транспорт каражатынын фотосүрөттөрү.

Пайдалуу варианттарды жана сапаттуу колдоону кеңейтүү кошумча инвестицияларсыз мүмкүн эмес. Акы төлөнүүчү бизнес модели өзүн-өзү камсыздоону, тейлөө деңгээлин жогорулатууну жана өнүктүрүүгө инвестициялоону болжолдойт. Бул модель эл аралык практиканы эске алуу менен иштелип чыккан деп билдирди ведомстводон.

Эскерте кетсек, буга чейин **Carcheck** кызматы акылуу болоору тууралуу[ айтылган болчу. ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/11/23/carcheck-kyzmaty-akyluu-bolushu-m-mk-n-bir-suram-10-som-bolot/)