> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми региондордогу ишкерлер 1 млн сомдон жогору кредитке кепилдик ала алышат
- URL: https://im.kg/all/2021/11/24/emi-regiondordogu-ishkerler-1-mln-somdon-zhogoru-kreditke-kepildik-ala-alyshat/
- Published: 2021-11-24T14:22:53.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын ноябрында «Кепилдик фонд» ААКтын Башкармалыгы региондордогу ЧОБ өкүлдөрүнө 1.5 млн сомго чейин кредиттерди алуу үчүн кепилдиктерди берүүнүн макулдук лимиттерин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы кабарлады.**

Мындай чечим кепилдиктерди берүү боюнча ишкерлердин арыздарын кароо мөөнөтүн кыскартуу жана жалпы региондордо чакан жана орто бизнеске көрсөтүлүп жаткан колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Буга чейин бекитүү лимити чектелген, бул 1 млн сомдон ашык суммадагы кредиттик инвестицияларды талап кылган пландары жана бизнес-долбоорлору бар ишкерлердин финансылык ресурстарга жетүүсүнө белгилүү бир деңгээлде тоскоол болуп келген.

> «Белгилей кетсек, «Кепилдик фонд» ААК мурдагыдай эле региондордогу ишкерлерге артыкчылыктуу кепилдиктерди берип келет. Кепилдик фондунун ишинин бүткүл мезгили ичинде кепилдиктердин 84%ы өлкөнүн региондорунда чакан жана орто бизнести колдоого багытталган», – деп айтылат фонддун билдирүүсүндө.