> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк быйылкы жылдагы эң чоң интервенцияны жүргүздү – 70.3 млн доллар сатты
- URL: https://im.kg/all/2021/11/24/uluttuk-bank-byjylky-zhyldagy-e-cho-intervenciyany-zh-rg-zd-70-3-mln-dollar-satty/
- Published: 2021-11-24T11:47:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк кечээ, 23-ноябрда быйылкы жылдын эң ири интервенциясын ишке ашырды. Көбөйгөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн коммерциялык банктарга 70.3 млн доллар сатылган.**

5.5 млн долларды сатуу келишими түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен, ал эми 64.8 млн доллар башка күнү ишке ашырылган.

> 2021-жылы УБ он эки интервенцияда доллардын курсун кармап туруу үчүн эл аралык резервдерден **517.05 млн доллар** короткон.

Акыркы жолу Улуттук банк валюта рыногуна доллар сатуу боюнча интервенцияны 5-ноябрда жүргүзгөн. Анда УБ 55.4 млн доллар саткан болчу.