> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутаттар 25 миңден 70 миң сомго чейин айлык алышат – Дастан Бекешев
- URL: https://im.kg/all/2021/11/25/deputattar-25-mi-den-70-mi-somgo-chejin-ajlyk-alyshat-dastan-bekeshev/
- Published: 2021-11-25T15:33:03.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Депутаттар 25 миңден 70 миң сомго чейин айлык алышат. Бул тууралуу Дастан Бекешев өзүнүн YouTube [каналында](https://www.youtube.com/watch?v=bxzp2zNX2GY) жарыялаган маегинде билдирген.** 

Айлык акынын өлчөмүнө депутаттын иш стажы, илимий наамы жана башка факторлор таасир этет. 

> «Менин айлыгым 50 миң сом. Көпчүлүк депутаттардын бизнеси бар, мен мугалимдик менен алектенем. Акы төлөнүүчү лекцияларды окуйм, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын биринде сабак берчүмүн», – дейт Бекешев.

Ал өлкөдө жашоо минимуму 5.6 миң сомду түзөөрүн айтып, бул сумма 15-20 миң сомго барабар болушу керек деп эсептейт.