> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга «Шабыркуль» кенинен 247 вагон көмүр алынып келинет
- URL: https://im.kg/all/2021/11/25/kyrgyzstanga-shabyrkul-keninen-247-vagon-k-m-r-alynyp-kelinet/
- Published: 2021-11-25T17:07:39.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополияга каршы жөнгө салуучу агенттик Казакстандын «Шабыркуль» кенинен көмүр алып келүү боюнча келишим түздү. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.**

Бул келишимге ылайык, **аты аталбаган** импортер компания Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун көмүр рыногун толтуруу үчүн «Шабыркуль» көмүрү менен камсыздоого милдеттенген. 

> Бул келишимге ылайык, жакынкы аралыкта КРга «Шабыркуль» разрезинен 247 вагон көмүр алат. Берилген көмүрдүн максималдуу баасы тоннасына **4600 сом** деп белгиленген.

Берилген көмүр суткасына 24 саат, жумасына 7 күн, тыныгуусуз жана дем алышсыз төмөнкү отун базаларында сатылат:

- Бишкек – Мурман көч., 1а
- Токмок – Жантаев көч., 23
- Кант – Логвиненко көч., 13
- Шопоков – АБК Сокулук базасы, «Берекет»
- Каинды – 60 лет Октябрь көч., 7.