> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМК: «Эйр Кыргызстан» ААК менен Эсептөө палатасы жең ичинен сүйлөшүп, мамлекетке 3 млн доллар зыян келтиришкен
- URL: https://im.kg/all/2021/11/25/ukmk-ejr-kyrgyzstan-aak-menen-esept-palatasy-zhe-ichinen-s-jl-sh-p-mamleketke-3-mln-dollar-zyyan-keltirishken/
- Published: 2021-11-25T13:39:44.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:48:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Эйр Кыргызстан» ААК менен Эсептөө палатасы жең ичинен сүйлөшүп, мамлекетке 3 млн доллар зыян келтиришкен. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.** 

УКМК тарабынан «Эйр Кыргызстан» ААКнын жетекчилиги (мамлекеттик үлүшү 100%) менен Эсептөө палатасынын айрым кызмат адамдары жең ичинен сүйлөшүп алышып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке **3 160 903 доллар** өлчөмүндө зыян келтирилгендигин атайылап жашырышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган күнөөнүн далилдерин эске алып, Эсептөө палатасынын аудитору С.З. жана инспектору О.Ж. КРнын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды.