> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров: Шайлоого 621 млн сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/all/2021/11/26/akylbek-zhaparov-shajloogo-621-mln-som-b-l-nd/
- Published: 2021-11-26T11:39:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Шайлоого 621 млн 300 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында КРнын Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.** 

Анын айтымында, жарандардын баары шайлоого катышуусуна шарт түзүү үчүн каражат БШКга, ТИМге, Санариптик өнүктүрүү министрлигине бөлүнгөн. 

> «Шайлоого **621 млн 300 миң сом** каралды. Финансылык жеке чектөөлөр болгон жок жана болбойт. Шайлоодо ар бир добуштун купуялуулугуна кепилдик беребиз», – деди Жапаров.

Мындан тышкары, ал бул жолку шайлоого даярдыкта партиялардын акча сарптоосу 3 эсеге азайганын билдирди.