> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бизнести пландуу текшерүү 1-январдан кайра жанданат
- URL: https://im.kg/all/2021/11/26/biznesti-planduu-teksher-1-yanvardan-kajra-zhandanat/
- Published: 2021-11-26T10:46:01.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Пандемия учурунда ишкерлерди колдоо максатында кабыл алынган мораторийдин мөөнөтү аяктагандыктан, 2022-жылдын 1-январынан тарта бизнести пландуу текшерүүлөр кайра жанданат.** 

> Эскерте кетсек, өкмөт 2019-жылдын 1-январынан тарта текшерүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алып, 2020-жылдын аягында бул мөөнөт дагы бир жылга узартылган.

Кыргызстанда эки жылдан бери ишкерлер 10 ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерүүдөн бошотулган болчу. Алар:

- Соцфонд
- Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги
- Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик
- Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
- Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы
- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
- Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти
- Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти
- Саламаттык сактоо министрлигине караштуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти
- Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, көзөмөлдөө бөлүмү.

Белгилей кетсек, октябрь айында «Империя пиццы» кафелер тармагындагы массалык уулануудан кийин, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерди текшерүүгө тыюу алынып салынган.