> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда маалымат коопсуздугу боюнча адистер арасында Маалыматты коргоонун эл аралык күнү белгиленет
- URL: https://im.kg/all/2021/11/26/kyrgyzstanda-maalymat-koopsuzdugu-bojuncha-adister-arasynda-maalymatty-korgoonun-el-aralyk-k-n-belgilenet/
- Published: 2021-11-26T12:47:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:36:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 1988-жылдан бери жыл сайын 30-ноябрда Маалыматтык системалардын коопсуздук боюнча ассоциациясынын (ISSA) демилгеси менен белгиленип келе жаткан Маалымат коопсуздугунун Эл аралык күнүнө карата Cyber Week 2021 иш-чарасы өтөт.**

Иш-чара 29-ноябрдан 1-декабрга чейин онлайн форматта өтүп, виртуалдык сессияларды, лабораториялык иштерди жана презентацияларды маалымат коопсуздугу системасындагы профессионалдар жана жаңыдан баштагандар үчүн бир платформада бириктирип бермекчи.

Иш-чарага катышуу маалымат коопсуздугу тенденциялары менен таанышууга, продукцияны коргоо чаралары жана анын алсыз жерлерин билүүгө жана кызматкерлерди окутуунун эффективдүү тажрыйбасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Иш-чарага бул шилтеме аркылуу катталсаңыз болот: [cyberweek.kg](https://cyberweek.kg/)

> Cyber ​​​​Week 2021 **Cisco Systems** менен бирге **Green Light ITS** системалык интегратору тарабынан уюштурулган.

Уюштуруучулар менен байланышуу:

*Адрес: 720001, Бишкек* *ш.* *, Табышалиев көч.* *,* *57*

*Тел: 0312 97 99 00*

*E-mail:* [*info@greenlight.kg*](mailto:info@greenlight.kg)