> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нефтетрейдерлер дизель майынын баасын көтөрө башташты, АИ-92 декабрда кымбаттайт
- URL: https://im.kg/all/2021/11/26/neftetrejderler-dizel-majynyn-baasyn-k-t-r-bashtashty-ai-92-dekabrda-kymbattaj-bashtajt/
- Published: 2021-11-26T10:15:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын нефтетрейдерлери дизель майынын баасын акырындык менен көтөрө башташты. Буга чейин күйүүчү май арзан баада сатылып алгандыктан, анын баасы кармалып турган болчу.** 

Дизель майынын кымбатташы тууралуу 24-ноябрда Монополияга каршы мамлекеттик агенттикте ири нефтетрейдерлер менен болгон жумушчу жыйында айтылды. Жыйында күйүүчү-майлоочу майлардын (КММ) баасы, запасы боюнча маселелер каралганын ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттик бүгүнкү күнгө чейин ири нефтетрейдерлерден АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге болгон баанын өсүшүн ооздуктоого мүмкүн болгонун белгиледи. Бирок **декабрь айынан тарта объективдүү себептерден улам нефтетрейдерлер жаңы келишимдерди** жана **учурдагы запастарды эске алуу менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасын акырындык менен** көтөрө баштайт. Алардын билдиришинче, баанын кескин көтөрүлүшүнө жол берилбейт.

> «Дизель майы эмитен эле кымбаттай баштады», – деп кошумчалашты ведомстводон.