> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент: Импортко көз каранды абалга туш болдук
- URL: https://im.kg/all/2021/11/26/prezident-importko-k-z-karandy-abalga-tush-bolduk/
- Published: 2021-11-26T12:57:12.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Учурда Кыргызстан импортко көз каранды абалга туш болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаров КРнын Коопсуздук Кеңешинин жыйынында билдирди**.

Президенттин айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, КР өзүнүн өнүмү менен эң аз дегенде өлкөнүн керектөөсүн 80%га камсыз кыла алса, оптималдуу деңгээлге чыгат.

> «Азыр өлкө критикалык абалда турат. Азык-түлүк калктын 90 күндүк муктаждыгын жабууга тийиш. Биз нан, кум шекер, жумуртка менен 40%ын, өсүмдүк майы менен керектөөнүн 20%ын гана камсыз кыла алат экенбиз», – деди. 

Мындан тышкары, Садыр Жапаров жай айларындагы кургакчыл мезгили түшүмгө терс таасир тийгизгенин да белгилеп, сугат иштери убагында туура уюштурулбагандыгын айтып, Чүй облусунун өкүлчүлүгүнө, Айыл чарба министрине сөгүш жарыялады.

> «Дыйкандар митингге ызылдап чыкканда гана барып маселени чечтиңер. Суунун башындагылар насос менен сордуруп алат экен да, суу аягына жетпей калат экен. Ушундай маселердин баарын кышында эле карап башташ керек болчу», – деди президент.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чүй өрөөнүн суу менен камсыздоо үчүн 1-марттан тарта Кеминде каналдын курулуш иштери башталаарын, ага **53 млн доллар каржылоо бар экендигин** айтты.