> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен: саат 16:00гө карата шайлоочулардын 23% добуш берди
- URL: https://im.kg/all/2021/11/28/batken-saat-16-00g-karata-shajloochulardyn-23-dobush-berdi/
- Published: 2021-11-28T18:07:02.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусунда саат 16:00гө карата шайлоочулардын 23%ы добуш берди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.**

> Баткен облусунун аймагында **саат 16:00гө** карата шайлоого **71 миң** **316 шайлоочу катышып, бул жалпысынан 23%ды** түздү. Ал эми **бир мандаттуу** шайлоо округу боюнча 69 миң 30 шайлоочу добуш берди.

Эскерте кетсек, **бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин** **VII** чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында **120 эмес, 90 депутат болот**. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына **21 партия** жана **282 бир мандаттуу** талапкер катышууда.