> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек: Эки гана талапкер – Бекешев менен Абиров гана жеңишке жетишишти
- URL: https://im.kg/all/2021/11/28/bishkekte-eki-gana-talapker-bekeshev-menen-abirov-gana-zhe-ishke-zhetishishti/
- Published: 2021-11-28T22:18:47.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектин бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо алдын ала эки гана талапкер – Октябрь районунан Дастан Бекешев менен Ленин районунан Жаныбек Абиров жеңишке жетишкен. Калган эки райондо (Биринчи Май жана Свердлов) шайлоочулар баарына каршы добуш беришкен, эми ал жерде кайра шайлоо өткөрүлөт.**

Белгилей кетсек, бул автоматтык түрдө окулган урналардан (АКС) алынган алдын ала маалымат десек болот.

> **Октябрь районунда** бул округда орнотулган 57 автоматтык түрдө добуш берүүчү урналардын бардыгынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы чыкты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бул жерде Жогорку Кеңештин азыркы депутаты **Дастан Бекеше**в **47.59%** добуш менен жеңишке жетти. Экинчи орунда **19.06%** добуш менен мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев турат.

> **Ленин районунда** бул округда орнотулган 51 урнадан (98.04%) автоматтык түрдө 50 урнадан добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Азырынча, алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы **Жаныбек Абиров** **30.59%** добуш менен жеңишке жетишүүдө. Экинчи орунда «бардыгына каршы» пункту турат.