> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# БШК: мыйзам бузуулар боюнча Чүй облусу биринчиде
- URL: https://im.kg/all/2021/11/28/bshk-myjzam-buzuular-bojuncha-ch-j-oblusu-birinchide/
- Published: 2021-11-28T18:34:45.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров шайлоонун жүрүшү тууралуу өткөргөн брифингде эртең мененки саат 8:00дөн түшкү саат 14:00гө чейин Ыкчам чара көрүү кординациялык тобуна жалпы 17 мыйзам бузуу келип түшкөнүн, эң көп мыйзам бузуу Чүй облусунда катталганын билдирди.**

Аймактар боюнча:

- Бишкек шаарында – 1
- Баткен облусунда – 3
- Жалал-Абад облусунда – 1
- Ысык-Көл облусунда – 1
- Ош облусунда – 2
- **Чүй облусунда – 9 мыйзам бузуу** катталган.

Ошондой эле үгүт эрежелерин бузуу боюнча 5, автоматташтырылган эсептөө урналарынын иштөөсүндө пайда болгон көйгөйлөр боюнча 5 кайрылуу келип түшкөн.

Бирок шайлоого **«Клооптон»** Кыргызстан боюнча 1400 байкоочу жана штаттан тышкаркы журналисттер көз салып турат, алар **50дөн ашык** мыйзам бузууларды [кабарлашкан.](http://localhost/info-portal/novosti/2021/11/28/nabljudateli-kloopa-soobshhili-o-svyshe-50-narusheniyah/)

Эскерте кетсек, **бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин** **VII** чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында **120 эмес, 90 депутат болот**. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына **21 партия** жана **282 бир мандаттуу** талапкер катышууда.