> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Хабаровск: шайлоо жыйынтыкталды, биринчиде «Ата Мекен»
- URL: https://im.kg/all/2021/11/28/habarovsk-shajloo-zhyjyntyktaldy-birinchide-ata-meken/
- Published: 2021-11-28T18:13:44.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Хабаровск шаарындагы (Россия) №9021 участогунда бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо жыйынтыкталды. Маалыматка ылайык, «Ата Мекен» партиясы биринчиге чыкты.**

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча чекти [Super.kg](https://www.super.kg/kabar/news/387623/) маалымат порталы жарыялады.

Чектеги маалыматка ылайык, добуш берүүгө 111 адам катышкан. Анын ичинен 23 киши «Ата Мекен» партиясын шайлаган. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы — 22 жана «Ыйман Нуру» — 18 добуш менен алдыңкы үчтүккө кирди. Ал эми эки адам «Баарына каршы» добуш берди.

- «Ынтымак» — 8;
- «Ишеним» — 8;
- «Ата-Журт Кыргызстан» — 8;
- «Альянс» — 4;
- «Улуу Журт» — 4;
- «Азаттык» — 3;
- «Улуттар Биримдиги» — 3;
- «Эл үмүтү» — 3;
- «Мекенчил эл» — 2;
- «Кыргызстан Жашылдар партиясы» — 1;
- «Кыргызстанды Өнүктүрүүчү Патриоттук партиясы» — 1.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/habarovsk.jpg)