> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Саат 16:30 карата шайлоочулардын 22% добуш беришти
- URL: https://im.kg/all/2021/11/28/saat-16-30-karata-shajloochulardyn-22-y-dobush-berishti/
- Published: 2021-11-28T16:53:56.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Саат 16:30 карата республика боюнча шайлоочулардын 22%ы добуш беришти. Бул тууралуу БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобунан жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.**

> Аймактар боюнча добуш берүү активдүүлүгү боюнча Ош, Талас, Нарын облустары алдыңкы сапта турат. Эң төмөн көрсөткүчтү Сокулук району берди.Чет өлкөлөрдө дагы саясий өнөктүк өз нугунда уланууда.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/shajloo-2021.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/shajloo-2021.jpg)

**Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин** **VII** чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында **120 эмес, 90 депутат болот**. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына **21 партия** жана **282 бир мандаттуу** талапкер катышууда.