> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Шайлоочулардын 16%ы добуш берди – шайлоого катышуу былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге аз
- URL: https://im.kg/all/2021/11/28/shajloochulardyn-16-y-dobush-berdi-shajloogo-katyshuu-byltyrkyga-salyshtyrmaluu-deerlik-2-esege-az/
- Published: 2021-11-28T15:09:21.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:58:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкандардын саны саат 14:00гө карата 16%га жеткенин БШКдан билдиришти.**

Кыргызстандыктар бирдиктүү шайлоо округунда, башкача айтканда, партиялык тизме боюнча добуш берүүгө активдүү катышууда. Саат 14:00гө карата партиялык система боюнча 602 миң шайлоочу же жалпы шайлоочулардын **16.27%ы** добуш берди.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын саны (округдар боюнча талапкерлер үчүн) **9 миңге аз**, башкача айтканда, 593 миң шайлоочу же жалпы шайлоочулардын **16.39%ын** түзөт.

> Белгилей кетсек, бир жыл мурда өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын катышуусу дээрлик 2 эсеге көп болуп, саат 14:00гө карата **28.11%**ды түзгөн. Ошондой эле кыргызстандыктар быйыл апрель айында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда (19.41%) жана ушул жылдын январында президенттик шайлоодо (18.56%) активдүү добуш беришкен.

**Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII** чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында **120 эмес, 90 депутат болот**. Анын ичинен 54 депутат 5%дык босогодон өткөн партиялардан пропорционалдуу түрдө кирип, ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына **21 партия** жана **282 бир мандаттуу** талапкер катышууда.