> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түшкө чейин чет өлкөдө 1 миң 505 шайлоочу добуш берди
- URL: https://im.kg/all/2021/11/28/t-shk-chejin-chet-lk-d-1-mi-505-shajloochu-dobush-berdi/
- Published: 2021-11-28T14:07:07.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чет өлкөлөрдө Бишкек убактысы боюнча саат 13.00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 1 миң 505 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Ведомствонун билдиргенине караганда, чет өлкөлөрдө **55 шайлоо участкасында** шайлоо өтүүдө. Улуу Британия (Лондон) жана АКШда (Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго) добуш берүү кийинчерээк башталат.

> Эске сала кетсек, чет өлкөлөрдө 59 шайлоо участогу иштейт. **Добуш берүү тизмесине 84 миң 128 адам** киргизилген. Бул 2020-жылдагы шайлоого караганда **2.5** эсеге көп.

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында **120 эмес, 90 депутат болот**. Анын ичинен 54 депутат 5%дык босогодон өткөн партиялардан пропорционалдуу түрдө кирип, ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына **21 партия** жана **282 бир мандаттуу** талапкер катышууда.