> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таш-Көмүрдө шайлоо күнү свет жок – талапкерлер нааразы
- URL: https://im.kg/all/2021/11/28/tash-k-m-rd-shajloo-k-n-svet-zhok-talapkerler-naarazy/
- Published: 2021-11-28T15:48:03.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Таш-Көмүр шаарында шайлоо күнү свет жок, интернет жоктугуна талапкерлер нааразы болуп социалдык тармактарда [видео ](https://www.facebook.com/meerbek.bekmanbetov/posts/601119067671449)жарыялашкан.**

Талапкердин айтымында, бул бийликтин атайылап кылган иши.

> «Шайлдабекова, эмне үчүн жарык менен камсыз кылбайсыздар? Президент таза шайлоо болот дегенинен ишенип катыштык. Түнү өчүргөнүңөр аз келгенсип, эмнеге шайлоо күнү күндүз да өчүрөсүңөр?!» – деген талапкер шайлоо участогунда жарык жоктугун, иш жеринде эч ким жоктугун көрсөтүп нааразы болгон. 

**Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII** чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында **120 эмес, 90 депутат болот**. Анын ичинен 54 депутат 5%дык босогодон өткөн партиялардан пропорционалдуу түрдө кирип, ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына **21 партия** жана **282 бир мандаттуу** талапкер катышууда.