> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Текебаев: Жапаров менен Ташиев саясатчыларды коркутуп-үркүттү
- URL: https://im.kg/all/2021/11/28/tekebaev-zhaparov-menen-tashiev-sayasatchylardy-korkutup-rk-tt/
- Published: 2021-11-28T14:30:14.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Ата Мекен» партиясынын лидери, депутаттыкка талапкер Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча «Бул шайлоонун негизги кемчилиги – президент баш болгон бийлик менен УКМКнын саясатына макул болбогондорду коркутуп-үркүтүү болду», – деп билдиргенин [Kloop.kg](https://kloop.kg/blog/2021/11/28/tekebaev-zhaparov-i-tashiev-zapugivayut-nesoglasnyh-s-vlastyu/?utm%5Fsource=rss&utm%5Fmedium=rss&utm%5Fcampaign=tekebaev-zhaparov-i-tashiev-zapugivayut-nesoglasnyh-s-vlastyu)** **кабарлады.**

Анын айтымында, жеке адамдардын атын айтып, шайлоодон кийин камаласыңар дегенге чейин коркутуп-үркүткөн учурлар болгон.

> «Мыйзам бузуу элементтери партиялык тизмени түзүү стадиясында эле башталып, талапкерлер «жашыл партиялардын» ордуна «кызыл партияларга» өткөндө да коркутуп-үркүтүүлөр болгон», – деп түшүндүрдү ал.

**Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин** **VII** чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында **120 эмес, 90 депутат болот**. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына **21 партия** жана **282 бир мандаттуу** талапкер катышууда.