> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Владивосток: алдыда «Бүтүн Кыргызстан» менен «Ынтымак» келе жатат
- URL: https://im.kg/all/2021/11/28/vladivostok-aldyda-b-t-n-kyrgyzstan-menen-yntymak-kele-zhatat/
- Published: 2021-11-28T16:38:05.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Орусиянын Владивосток аймагында добуш берүү аяктады. Бул тууралуу «Марал радиосуна» жеринен мигранттар билдиришкен.**

Маалыматка ылайык, добуш берүүгө 134 адам катышкан. Анын ичинен эң көп 54 добуш «Бүтүн Кыргызстан» партиясына берилген. Тизменин уландысында «Ынтымак» партиясы -16, «Ишеним» – 11 , «Ыйман-Нуру» – 8, «Эл үмүтү» – 5, «Ата-Мекен» – 5, «Азаттык» – 5, «Альянс» – 4, «Социал-демократтар» – 4, «Мекенчил Эл» – 4, «Ата-Журт Кыргызстан» – 4, «Улуттар Биримдиги» – 2, «Багыт» – 2, «Күчтүү регион» – 1, «Ордо» – 1, Баарына каршы – 2 добуш берилген.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусия аймагында ачылган шайлоо тилкелеринен Түштүк-Сахалинде добуш берүү аяктап, алгачкы жыйынтыктар белгилүү болгон.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/11/Vladivostok-1024x532.jpg)

**Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин** **VII** чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында **120 эмес, 90 депутат болот**. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына **21 партия** жана **282 бир мандаттуу** талапкер катышууда.