> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жарандардын катышуусу 9%га жетти
- URL: https://im.kg/all/2021/11/28/zhogorku-ke-eshtin-deputattaryn-shajloogo-zharandardyn-katyshuusu-9-ga-zhetti/
- Published: 2021-11-28T13:34:48.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**БШК саат 12:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан шайлоочулардын катышуусу 9%дан ашканын билдирди**.

Кыргызстандыктар бирдиктүү шайлоо округунда, башкача айтканда, партиялык тизме боюнча добуш берүүгө активдүү катышууда. Саат 12:00гө карата партиялык система боюнча 340 миң шайлоочу, же жалпы шайлоочулардын **9.17%ы** добуш берди.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын саны (округдар боюнча талапкерлер үчүн) мурдагыдай эле **10 миң кишиге аз**, башкача айтканда, 330 миң шайлоочу болуп, жалпы шайлоочулардын **9.12%ын** түздү.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында **120 эмес, 90 депутат болот**. Анын ичинен 54 депутат 5%дык босогодон өткөн партиялардан пропорционалдуу түрдө кирип, ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына **21 партия** жана **282 бир мандаттуу** талапкер катышууда.