> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл аягына чейин Кумтөрдөн чоң киреше алабыз – Акылбек Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2021/11/28/zhyl-ayagyna-chejin-kumt-rd-n-cho-kireshe-alabyz-akylbek-zhaparov/
- Published: 2021-11-28T13:50:35.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта мамлекет тарабынан убактылуу тышкы көзөмөл киргизилген Кумтөр кенинен кыйла чоң киреше күтүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүдөн кийин билдиргенин [24.kg ](https://24.kg/vlast/215156%5Fsituatsiya%5Fskumtorom%5Fakyilbek%5Fjaparov%5Fpohvalil%5Ftengiza%5Fbolturuka/)жазды.**

> «Алтынды казып жатабыз, салык түшүп жатат. Жылдын аягына чейин **чоң киреше алабыз**», – деди Жапаров.

Ал ошондой эле тышкы менеджер Теңиз Бөлтүрүктүн кендеги ишмердигине токтолуп, анын командасы натыйжалуу иштеп жатканын билдирди.

[Kloop.kg](https://kloop.kg/blog/2021/11/28/blagodarnost-bolturuku-i-novye-peregovory-s-centerra-chto-rasskazal-akylbek-zhaparov-o-planah-kumtora/?utm%5Fsource=rss&utm%5Fmedium=rss&utm%5Fcampaign=blagodarnost-bolturuku-i-novye-peregovory-s-centerra-chto-rasskazal-akylbek-zhaparov-o-planah-kumtora) сайтынын маалыматына караганда, жыл аягында Жапаров иштин бардык жыйынтыктары камтылган **отчет берүүнү убада** кылган.