> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ар бир онунчу добуш эсептелген жок –  бюллетендер жараксыз деп табылды
- URL: https://im.kg/all/2021/11/29/ar-bir-onunchu-dobush-eseptelgen-zhok-bjulletender-zharaksyz-dep-tabyldy/
- Published: 2021-11-29T10:27:03.000Z
- Updated: 2023-05-03T13:01:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Макалалар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 9.64%ы, тагыраак айтканда, 116 246сы жараксыз деп табылды. Таптакыр белги коюлбаган жана башка каталары бар бюллетендер эсептен чыгарылганын БШКнын маалымат кызматы билдирди.**

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 млн жарандын ичинен шайлоого алардын 30%ы гана катышкан.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5%дык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. Алар:

- «Ата-Журт Кыргызстан» – 16%
- «Ишеним» – 13%
- «Ынтымак» – 10%
- «Альянс» – 8%
- «Бүтүн Кыргызстан» – 6%
- «Ыйман нуру» 5% добуш алган.

> Бирок кечээ БШКнын сайтындагы [кетирилген мүчүлүштүтөрдөн ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/11/28/bshk-sajttagy-m-ch-l-sht-kk-kommentarij-berdi-tyshky-vizualdashtyruu-tablicasyndagy-formula-tuura-emes-k-rs-t-l-p-kalgan/)улам, бүгүн төрт партия кайра шайлоо өткөрүүнү [талап кылышууда](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/11/29/dobushtardy-esept-d-g-katachylyktan-ulam-t-rt-partiya-kajra-shajloo-tk-r-n-talap-kyluuda/). Бирок БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этпегенин [билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/11/28/bshk-sajttagy-m-ch-l-sht-kk-kommentarij-berdi-tyshky-vizualdashtyruu-tablicasyndagy-formula-tuura-emes-k-rs-t-l-p-kalgan/). Президент Садыр Жапаров болсо кечээ өзүнүн Фейсбук баракчасында добуштар саналбай калганын билдирген партияларга кайрылуусун [жарыялап](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/11/29/sadyr-zhaparov-bshk-kert-bashy-menen-zhoop-beret/), БШК керт башы менен жооп берерин айткан.