> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# БШК кол менен саналган добуштардын алдын ала жыйынтыктарын жарыялады
- URL: https://im.kg/all/2021/11/29/bshk-kol-menen-sanalgan-dobushtardyn-aldyn-ala-zhyjyntyktaryn-zharyyalady/
- Published: 2021-11-29T14:22:51.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**БШК кол менен саналган добуштар боюнча маалыматтарды жарыялады. Саат 13:30да БШКнын протоколдорунун 12.79%ы иштелип чыкты, башкача айтканда, 319 шайлоо участкасынан маалыматтар келип түштү.**

Белгилей кетсек, добуш берүү **2494** УШКда өттү.

Эске салсак, электрондук саноонун жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке «Бүтүн Кыргызстан», «Альянс», «Ыйман нуру», «Ынтымак», «Ишеним» жана «Ата-Журт Кыргызстан» партиялары 5%дык барьерден өткөн.