> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Шайлоочуларга жаңы система боюнча кантип добуш берүү керектиги түшүндүрүлгөн эмес – Эксперт
- URL: https://im.kg/all/2021/11/29/shajloochularga-zha-y-sistema-bojuncha-kantip-dobush-ber-kerektigi-t-sh-nd-r-lg-n-emes-ekspert-zharaksyz-bjulletender-tuuraluu/
- Published: 2021-11-29T16:44:58.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:58:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр шайлоо күнүнө үч күн калганда кабыл алынган. Бардык үгүтчүлөрдүн жаңы шайлоо регламентине даярданууга убактысы аз болгон. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында «Таза шайлоо» ассоциациясынын өкүлү Тимур Арыков билдирди.**

Анын айтымында, бюллетендердин 10%нын бузулуп калышынын бирден бир себеби – жарандар арасында түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлбөгөндүгү, аларга пропорционалдык система менен шайлоонун жолдору түшүндүрүлбөгөндүгү болгон.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 9.64%ы, тагыраак айтканда, 116 246сы [жараксыз деп табылган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/11/29/ar-bir-onunchu-dobush-eseptelgen-zhok-bjulletender-zharaksyz-dep-tabyldy/). Таптакыр белги коюлбаган жана башка каталары бар бюллетендер эсептен чыгарылганын БШКнын маалымат кызматы билдирген болчу.

Арыков белгилегендей, №2 форманын жоюлушу менен каттоодон тышкары жашагандардын көбү шайлоо укугунан ажыраган. Ал эми паракорчулук, административдик ресурс тымызын мүнөзгө ээ болду дейт ал.