Шайлоочуларга жаңы система боюнча кантип добуш берүү керектиги түшүндүрүлгөн эмес – Эксперт

Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр шайлоо күнүнө үч күн калганда кабыл алынган. Бардык үгүтчүлөрдүн жаңы шайлоо регламентине даярданууга убактысы аз болгон. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында «Таза шайлоо» ассоциациясынын өкүлү Тимур Арыков билдирди.

Анын айтымында, бюллетендердин 10%нын бузулуп калышынын бирден бир себеби – жарандар арасында түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлбөгөндүгү, аларга пропорционалдык система менен шайлоонун жолдору түшүндүрүлбөгөндүгү болгон.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 9.64%ы, тагыраак айтканда, 116 246сы жараксыз деп табылган. Таптакыр белги коюлбаган жана башка каталары бар бюллетендер эсептен чыгарылганын БШКнын маалымат кызматы билдирген болчу.

Арыков белгилегендей, №2 форманын жоюлушу менен каттоодон тышкары жашагандардын көбү шайлоо укугунан ажыраган. Ал эми паракорчулук, административдик ресурс тымызын мүнөзгө ээ болду дейт ал.